Космогония (cosmogony) – асман телолору менен алардын системаларынын (Күн системасы, жылдыздар, галактикалар жана башка) пайда болушун жана эволюциясын изилдөөчү астрономиянын бөлүгү.

Космогониянын маселелерин туура чечүү – геофизикалык жана геологиялык процесстерди туура түшүнүүгө орчундуу салым киргизет. Күн системасынын космогониясы жана жылдыз космогониясы өтө өнүккөн. 20-кылымдын 2-жарымында Күндүн жана планеталардын бирдиктүү муздак газ-чаң булутунан пайда болушу жөнүндөгү божомол далилденген.

Космогониялык божомолдор

түзөтүү

Космогониялык божомолдор – Жердин, планеталардын жана башка асман телолорунун пайда болушун, эволюциясын түшүндүрүүгө багытталган божомолдор.
Планеталар өзүнүн шакегин бөлгөн кысылуучу газ тумандуулугунан (Лаплас гипотезасы) же метеордук чаң бөлүкчөлөрүнүн булутунан (Кант) пайда болот деген классикалык космогониялык божомолдор өз доорунда прогрессивдүү болгон. Кийинчерээк Кант менен Лаплас божомолдогон тумандуулуктан зат конденсацияланган процесс аркылуу планета пайда болбой турганы аныкталды. Ошондой эле азыркы мезгилдеги Күн менен планеталардын кыймыл санынын жалпы моментинин бөлүштүрүлүшү жогорку божомолдор менен түшүндүрүүгө мүмкүн эмес.

Джинстин белгилүү (Күн менен жылдыздын кезигүүсүнөн зор өлчөмдөгү тартылуу толкуну пайда болуп анын чокусунан жулунуп талкаланган бөлүктөрүнөн планеталардын түйүндөрү пайда болгон) божомолу да кыймыл санынын жалпы моментинин бөлүштүрүлүшүн жана күн системасынын башка мүнөздүү белгилерин түшүндүрө албайт. Кийинки божомолдорго К. Вейцзеккердин планеталар Күндүн тегерегинде айланган булуттардын куюнунан пайда болгон жана Ж.Койпердин массивдүү газ уюткуларынан пайда болгон планеталар, Күндү курчап турган булуттар гравитациядык туруксуздуктан ажырагандагы протопланеталар жөнүндөгү божомолдор кирет.

1943-ж. О. Ю. Шмидт жаңы космогониялык божомолдорду баштаган. Ал бонча Күндү курчаган газ-чаң булутунда бөлүкчөлөрдүн бири-бири менен кагылышып биригишүүсүнөн келечек планеталардын ядросу түзүлөт; ошол себептен кыймыл энергиясынын бөлүгү жылуулукка айланып мейкиндикте чачыраган. Мындай ядролордун бетине заттардын жыйылышы менен Күндүн тегерегиндеги орбитасы акырындык менен эллипстик түрдөн тегерек түргө өтө баштаган (ядролор Күндөн белгилүү аралыкта жайланышкан). Алгачкы булуттагы заттардын кээ бир бөлүгү Күнгө түшүп, кээ бир бөлүгү Күндүн нурлануусу менен алыстатылып «куулган». Бул божомолдор жаңы кошумчалар менен толуктанууда, к. Жылдыздар, Жылдыздар эволюциясы, Жылдыздын пайда болушу жана башка.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов