Космодром (космос жана байыркы грекче δρόμος – жүгүрө турган жер) – космос аппараттарын кураштыруу, учууга даярдоо, учурууга арналган курулмалар менен жабдуулар жана техникалык каражаттар орнотулган аймак. Космодромдун көмөкчү жана тейлөөчү жайлары менен кызматына ракетанын кыймыл траекториясын аныктоочу өлчөө пункту, отункана, суу, энергия менен камсыз кылуу тармагы, турак жай шаарчасы, байланыш жана телекөрсөтүү түйүндөрү, оңдоочу база, аэродром, унаа коммуникациясы кирет. Кээ бир Космодромдо ракета алып жүргүчтүн иштетилген баскычтарын түшүрүү үчүн атайын жер участкалары бар. Техникалык позиция – ракета-алып жүргүч менен космос объектилерин кабыл алуу, сактоо, кураштыруу, сыноо, керек отунду куюу жана бири-бирине ашташтырып бириктирүү үчүн колдонулма атайын техникалык жабдуулар менен жабдылган комплекс. Старттык комплекс – ракета учурула турган системага орнотулат, күйүүчү отун куюлуп учурулат. Бул иштердин бардыгын орундатуу үчүн старттык комплексте атайын техникалык жабдуулар орнотулат. Космодром калк жашаган аймактан алыс жана экваторго жакын жерге курулат. Себеби иштелген баскычтын калдыктары элге коркунучсуз аймакка түшөт жана ракета спутникти геостационардык орбитага жеңил алып чыгат. Космос кемесин жана космоско учуруучу аппараттар Капустин Яр, Плесецк (Россия), Байкоңур (Казакстан), Канаверал тумшугундагы Чыгыш сыноо полигону, Уоллопстогу Батыш сыноо полигону (АКШ), Куру (Франция), Сан-Марко (Италия), Утиноура, Танегасима (Япония), Чангенцзе (КЭР), Шрикарико (Индия) ж. б. Космодромдордон учурулат. Алгачкы Жердин жасалма жандоочусу жана биринчи адам космоско СССРде (азыркы Казакстан) Байкоңур Космодромунан учурулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү