Космостук симпатия (лат. соnsensus, conjunctio) – нерселердеги же көрүнүштөрдөгү сезимдердин жалпылыгын, тилектештикти жана алардын ортосундагы өз ара карым-катышты аларды жаратууга башкалар менен бирдикте (биргелешип) катышуусун туюндуруучу байыркы грек философиясындагы термин. Алсак, дене жандын кыймыл-аракетине катышат (Аристотель), ал эми жердеги кубулуштарга ай менен күндүн таасири тиет (Посидоний).

Космостук симпатия түшүнүгү дүйнөнү бир бүтүн жандуу организм (дене) катары каралган көз караштар (милет мектеби, пифагорчулук, Платондун «Тимейи») менен байланышкан. Термин биринчи жолу дүйнөнү бүтүн менен бөлүктүн өз ара байланышы, көз карандылыгы катары караган стоицизмде кездешет.

Космостук симпатиянын тулкусун бир эле учурда борборго жана дененин алыскы бөлүктөрүнө тараган от жана абадан турган дем алуу (пневма) түзөт. Дем алуу бүт дүйнөгө тарап, аларды туташ бир бүтүндүккө бириктирет да, космостук симпатия пайда болот. Стоиктердин ою боюнча, космостук симпатия аркылуу табият көрүнүштөрүн алдын ала айтууга болот. Анткени, бөлүктөр бүтүндүн (дене, дүйнө) себебин так көрсөтөт.




Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8