Космос ылдамдыгы – гравитация талаасында космос аппаратынын орбитага чыгарылган учурдагы ылдамдыгынын төмөнкү чектик мааниси. Астрономияда жана космостук учуулардын динамикасында үч (биринчи, экинчи, үчүнчү) Космос ылдамдыгы колдонулат. Жердин жасалма жандоочуларынын биринчи Космос ылдамдыгы v1 GM/r , мында G – гравитациялык турактуулук, M — жер массасы, r — Жер борборунан нерсенин Жерге салыштырмалуу айланган траекториясына жаныма боюнча багытталган ылдамдыгы v ге барабар болгон мейкиндик чекитине чейинки аралык. Биринчи Космос ылдамдыгы (айлануу ылдамдыгы) – нерсеге ал Жердин жасалма жандоочусу болушу үчүн берилген эң кичине баштапкы ылдамдык. Биринчи Космос ылдамдыгы v1= 7,91 км/сек менен орбитага чыгарылган аппарат эллипс же айлана боюнча кыймылдайт. Экинчи Космос ылдамдыгы (парабола ылдымдыгы) v2 2GM/r v1 2 . Экинчи Космос ылдамдыгы (11,186 км/сек) менен орбитага чыгарылган аппарат Жердин тартуу күчүнүн таасиринен чыгып, Күн системасындагы башка планеталарды көздөй учат. Үчүнчү Космос ылдамдыгы (v3= 16,6 км/сек) менен орбитага чыгарылган аппарат Жердин жана Күндүн тартуусунан чыгып, Күн системасынан башка жылдыз аралык мейкиндикке өтөт. Бул ылдамдыктардын сан маанилери Жерден учурулган аппараттарга гана тиешелүү, ал эми алар башка планетадан учурулса, ал ылдамдыктын сан маанилери ар башка болот. Анткени ал сан маанилери планеталардын гравитациялык талааларынын касиеттерине көз каранды.

Колдонулган адабияттар түзөтүү