Костенко Л.Ф. (1842-1891). Жазуучу, тарыхчы, географ, ориентолог, Түркстан аскердик Генштабынын полковниги. «Алай экспедициясынын» жигердүү катышуучусу. Кыргыздардын жайгашуусу оң жана сол канат кыргыз уруулары жана алардын курамы жөнүндө, чарбалык уклады, диний ишенимдери жана жөрөлгөлөрү, материалдык маданияттын үлгүлөрү боюнча баалуу маалыматтарды камтыган билдирүүлөрдү жазган. Бул маалыматтар анын «Средняя Азия и водворение в ней русской гражданственности» аттуу эмгегинде чагылдырылат. Арийне, бул эмгек кыргыздарга карата реакциячыл-шовинисттик көз караштарга жык толгон субъективдүү пикирлер менен коштолот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү