Костычев кундуз гүлү (Pulsatilla kostyczewii, (Korsh.) Juz.) (Anemone kostyczewii) - Көп жылдык өсүмдүк. Тамыр сабагы кубаттуу, үстүнөн жалбырактардын булалуу калдыктары менен капталган. Өсүмдүктүн бийиктиги 12-26 см, бардык бөлүктөрү жыш, жумшак жана ак түк менен капталган. Тамыр моюнчасындагы жалбырактары ичке сызгычтай үлүштөргө ажыраган, туурасы 0,5-1 мм, жапкыч жалбырактары беш манжа сымал, өтө ичке, бүтүн кырдуу же экиден кесилген үлүштөргө бөлүнгөн. Гүлдөрү ири, ачык, диаметри 6,5 см, тик. Гүл коргонунун желекчелеринин узундугу 3,2 см ге чейин жана туурасы 2 см ге чейин жетип, ичкилери тегерек, сырткылары учтугуй, кызгылтым, сырты сапсагай түктүү. Аталыктары гүл коргондон үч эсе кыска, аталыктардын жипчелери кара кочкул, чаңдыктары кызгылт-көк. Мөмөлөрүнүн узундугу 4-6 см, ийилчек кылкандуу.

Костычев кундуз гүлү (Алай өрөөнү).

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Июнң-июлң айларында гүлдөйт, июлң-августта мөмө байлайт. Жалпы жана өлкөдө таралышы. Памир (Балээлүүкийик капчыгайы) жана Памир-Алай тоо кыркалары: Алай (түштүк беттери), Тышкы Алай, Петр Биринчи жана Дарваз. Кыргызстанда – Алай өрөөнү.

Өсүү шарттары түзөтүү

Таштуу, аска-зоолуу ортоңку жана бийик тоо беттеринде кездешет.

Саны түзөтүү

Аныкталган жок.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Маалымат жок. Өстүрүү. Маалымат жок. Уюштурулган коргоо аракеттери. Атайын коргоо чаралары иштелип чыккан эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Алай өрөөнүндө ботаникалык заказниктерди уюштуруу, маданий өстүрүү боюнча стационар уюштуруу.

Статусу түзөтүү

VU. Сейрек кездешкен, өтө кооз, атайлап өстүрүүгө көңүл бурууга татыктуу чукул (кууш) эндем түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү