Костяков Алексей Николаевич

Костяков Алексей Николаевич [16 (28). 3. 1887, Россия империясы, Москва губерниясы, Серпухов шаары – 30. 8. 1957, СССР, Москва шаары) – орус илимпозу, мелиорация илимине негиз салуучу. СССР Илимдер академиясынын коррепондент мүчөсү (1933), ВАСХНИЛдин академиги (1935). Эки жолку СССР мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1951, 1952). РСФСРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1936). Москва айыл-чарба институтун (азыркы В. А. Тимирязев атындагы Москва айыл-чарба академиясы) бүткөн (1912). А. Костяков 1912–19-жылдары Россияда алгачкы гидромодулдук (тажрыйба-мелиорациялык) изилдөөлөрдү уюштурган. Анын демилгеси менен Пётр айыл-чарба академиясы, Москва суу чарба инженердик институту, 1923-ж. Мамлекеттик айыл чарба мелиорация институтуна караштуу мелиорация кафедрасы (1929-жылга чейин башчысы болгон) уюшулган. Мелиорация системасын пландаштыруу, долбоорлоо жана куруу ыкмаларын негиздеген, сугат режимин жана сугаруу жолдорун иштеп чыккан. Бүткүл союздук гидротехникалык жана мелиорация анализи институтуна А. Костяковдун ысмы берилген (1958). Эки Ленин, үч Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү