Косчан, Кошчан – Кичи Алайдын түндүк капталындагы суу. Каракол суусунун оң куймасы. Уз. 27 км, алабынын аянты 117 км2, деңиз деңг. орт. бийикт. 2830 м, эң бийик жери 4630 м.

Кичи Алай кырка тоосунун түн. капталындагы мөңгүлөрдөн башталат. Чыгыштан батышты карай кууш кокту аркылуу агып, ортоңку агымында түндүктү көздөй бурулуп, өрөөнгө чыгат. Алты куймасы бар ( негизиненоң куймалары). Жылдык орт. чыгымы 1,74 м3/сек, эң чоң чыгымы апрель – майда, эң азы январда байкалат. Суу куралуу обулусуна кирет. Сугатка кеңири пайдаланылат. Боюнда Алике, Карабаш кыш. жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2