Котвич Владислав Людвигович

Котвич Владислав Людвигович (пол. Władysław Kotwicz; 20. 3. 1872, Россия империясы, Вилен губерниясы, Оссовье кыштагы – 3. 10. 1944, Литва ССРи, Чарный Боже кыштагы) — тилчи, орус жана поляк чыгыш таануучусу, СССР Илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү (1923), Польша Илимдер Академиясынын анык мүчөсү (1925), Польша чыгыш таануучулар коомунун төрагасы. СанктПетербург университетинин Чыгыш тилдер факультетин бүтүргөн (1895). Ошол эле университетте моңгол, калмак жана манжур тилдери боюнча окутуучу бир эле убакта Россия империясынын финансы министрлигинде кызмат өтөгөн (1903–23). 1920-ж. А. С. Енукидзе атындагы чыгыш тилдери институтун уюштуруучусу, биринчи ректору (1920–22), 1923-ж. Польшадагы, Львов университетинин Ыраакы Чыгыш филологиясы кафедрасынын профессор болгон 1923-ж. Ал калмак тилинин диалектилерин жана говорлорун изилдеген. 1931-жылдан алтай тилдерин салыштырма-тарыхый жактан изилдөөнүн жалпы маселелерине көңүл бурган. Анын «Алтай тилдери боюнча изилдөөлөр» деген китеби 193б-ж. Краковдо, орусча котормосу (1962) Москвада басылып чыккан. Алтай тилдеринин ичиндеги өзара жакындык, типологиялык окшоштуктар сырткы тарыхый байланыштардын натыйжасында пайда болгон деген пикирди айткан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү