Котон. Чыгыш Түркстан (КЭР) Хотон топоними, хотондор деген этнографиялык топ. «Хотон» монгол тилинде: 1.«Биргазан» (пеликан); 2.«Маяк» маанилерин туюнтат. Тарыхый булактар, этнографиянын, фольклордун, топонимиканын маалыматтары, илимий изилдөөлөр кыргыздардын Тибет, Кашмир, Хотанга чейинки аймактарды мекендешкендигин тастыктайт. Азыркы учурда Монголияда Кытайдан (Батыш Кытай) көчүрүлүп келинген хотондор деген түрк тилдүү этнографиялык топ бар. Саны 3000 чамалуу бул топтун негизин Чыгыш Түркстандын түрк тилдүү калктары түзгөн. Манжур (Цинь династиясы) бийлигинин тушунда туткундалган хотондор учурда Улан Гомдун Хархира дарыясына чукул жерлерде жашашат. Бир топ этностук компоненттерди кучагына камтыган бул энчилүү ат жердин аталышына байланыштуу келип чыккан деген көз караштар бар. Айрым маалыматтар бул этнографиялык топтун бир нече кылым илгери Хотон тоолорунда жашашкандыктарын тастыктайт. Хотон топоними «Манас» дастанында да чагылдырылат. Окумуштуулар өз изилдөөлөрүндө хотондордун кыргыздарга этностук жактан жакындыгын белгилеген жүйөлүү пикирлерин айтышат. Жунгар (Ойрот) хандыгынын тарыхы боюнча абройлуу адис И.Я.Златкин «хотон» терминине төмөнкүдөй аныктама берет: Хотон - кандаш туугандыкка негизделген, чогуу чарба жүргүзүшкөн үй-бүлөлөрдүн тобу. Хотондо 4, 10, 50 андан көбүрөөк үй-бүлө болгон. Бир нече хотон аймак же отокту түзүшүп, ал төмөнкү феодалдык ээликти аныктаган. Отоктор же аймактар тобуулусту, ал эми улустар - жунгар хандыгын түзгөн. Котон - солто, чекир саяк урууларынын курамдарындагы уруктар катары белгилүү.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү