Которуштуруп эгүү – айыл-чарба өсүмдүктөрүн илимий негизде мезгил-мезгили менен алмаштырып себүү. Которуштуруп эгүү жерди иштетүү, жер семирткичтерди пайдалануу, топурак эрозиясы, зыянкеч, илдет ж. б. менен күрөшүүгө байланыштуу болот. Которуштуруп эгүү топурактын күрдүүлүгүн, өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн арттырууда зор мааниге ээ. Эгилүүчү өсүмдүктүн түрүнө жараша 3 типке бөлүнөт: талаа Которуштуруп эгүү, тоют өсүмдүктөрүн Которуштуруп эгүү жана атайын Которуштуруп эгүү. Талаа Которуштуруп эгүүдө аянттын көп бөлүгүн дан эгиндери, картөшкө, техникалык өсүмдүктөр (күн карама, зыгыр, пахта ж. б.) ээлейт. Тоют өсүмдүктөрүн Которуштуруп эгүүдө аянттын көпчүлүк бөлүгүнө тоют өсүмдүктөрү эгилет. Атайын Которуштуруп эгүүдө өсүмдүктүн бир эле түрү же атайын шарт менен агротехниканы талап кылуучу өсүмдүктөр (жашылча, тамеки, шалы ж. б.) эгилет. Которуштуруп эгүү системасы бир нече түрдө долбоорлонуп, агрономиялык жана экономикалык жактан талданат. Ошонун натыйжасында жергиликтүү аймак шартына ылайык эгилүүчү өсүмдүктөр аныкталат. Которуштуруп эгүүнү иш жүзүнө ийгиликтүү ашырыш үчүн белгиленген агромелиорациялык иштерди өз убагында жүргүзүү, мыкты сорттогу үрөн алууну уюштуруу, агротехникалык иш чараларды аткаруу зарыл. Которуштуруп эгүү системасы айыл-чарба илими менен алдынкы тажрыйбанын жетишкендиктеринин негизинде улам жакшыртылып турат. Жыл сайын бир эле аянтка өсүмдүктүн бир эле түрүн эгүү ошол өсүмдүк үчүн зыяндуу отоо чөптөрдун көбөйүшүнө алып келет, Мисалы, жазгы дан эгиндерин кайталап эгүүдө кара сулу, чирче ж. б. көбөйөт. Ал эми жаздык эгиндерди күздүк эгиндер менен алмаштырып эгүү мындай отоо чөптөрдүн көбөйүшүнө жол бербейт, эгин аянты таза болот, өзгөчө күн карама, зыгыр, уй бедени кайталап себүүгө болбойт. Которуштуруп эгүүдө химиялык дары-дармектерди пайдалануу отоо чөптөргө каршы күрөштү жеңилдетет. Которуштуруп эгүү туура жүргүзүлбөсө, зыянкеч менен илдет козгогучтар да көбөйөт. Мисалы, күздүк буудайды дайыма бир жерге эгүүдө тамыр чириги, зыгырды эгүүдө фузариоз, картөшкөнү эгүүдө фитофтороз ж. б. көбөйөт. Ошондуктан Которуштуруп эгүү илимий жактан негизделген система боюнча жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү