Кочкоралы Жанаалы уулу (1857 - 1922) - өрөөнгө таанымал бий.

16 жашынан эл аралап, талаш маселелерди чечкен, калыстыгы, чечендиги аркасында эл арасында “мөөрсүз бий” аталган. Таластык Имамбек жана Аксылык Эшбай казы Чаткалга жайлоо бөлүштүрүү үчүн келип, Чаткалдын жайлоолорун өзүлөрү каалагандай чечүүнү көздөй т . Кочкоралы “Бөлүштүрүлгөн ар бир сай, Кочкоров суу, жайлоолордун аталышын, ага канча мал жайлайт так атап бергиле, ошого жараша чек бөлөлү” - деген талабын эч ким аткара албай койгондо, өзү бирден санап, тактап берген жана анын айтуусу менен жайлоолор бөлүштүрүлгөн. Чаткалда бийлик жүргүзгөн Баястанбек корбашы Кочкоралынын Ак-Булактагы жерин тартып алган. Кочкоралы Баястанбектин туура эмес иштерин ачык айыптап чыгып, калыс пикирин айтып тургандыгы үчүн Баястанбектин буйругу менен анын желдети Бейшенбай казактын огунан каза тапкан.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6