Кошмойнок мөңгүсүАлай кырка тоосунун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 4,4 км, аянты 3,6 км2.

Акбууранын оң куймасы – Кошмойноктун баш жагынан орун алган. Башы 4200 м, этеги 3950 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4500 м. Абляция облусунун аянты 2,4 км2, көлөмү 0,19 км3. Кийинки мезгилде тартылууда. Мөңгүдөн Кошмойнок суусу башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2