Кошнай (өзбекче куш-жуп, най-түтүк, камыш) - өзбек, тажиктердин байыркы үйлөмө музыкалык аспабы.

Добушу жагынан кларнет түркүмүндө кирет. Камыштан, жыгачтан ж. б. жасалат. Жалпы узундугу 250-300 мт. Добуш чыгара турган огу бар. Жети көзөнөктүү, жалгыз чымылдактуу. Добуш катары биринчи, экинчи октаваны, ээлейт, жеке, аспаптык ансамблдерде»., эл аспаптар оркестринде ойнолот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.