Кошой-Коргон - байыркы Атбаш шаарынын калдыгы. Ал Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Кара-Коюн дарыясынын сол жээгинде Кара-Суу кыштагынын четинде орун алган.

Кошой-Коргон.
Кошой-Коргон.
Кошой-Коргон.

Кыскача таржымакалы түзөтүү

Кошой-Коргон Ат-Башы өрөөнүнүн борборунан орун алган. Жер шартына жараша стратегиялык ыктуу жайгашып, байыркы учурда ушул жер менен өткөн соода жолун жана бүткүл өрөөндү тескеп турган.

Шаар 245-250 м келген төрт бурчтук форманы ээлеп жатат. Сакталып калган дубалдарынын бийиктиги 4-8 м.

Алардын периметри боюнча 60 сепил байкалып турат: түндүгүндө – 19, түштүгүндө – 13, чыгышында – 17 жана батыш жагында – 11. Дубалдары, ошондой эле сепилдери чоң-чоң топурак блоктордон жана узун кыштан салынган. Дубалдын түп жагынан калыңдыгы 7-9 м, улам жогору жагы ичкерип, 8 метрге жеткен жердеги калыңдыгы 3-4 м болот. Дубалдарынын жана сепилдердин айрым жерлеринде кийинки ремонт иштеринин издери жана жоон жыгачтардын калдыктары сакталып калган.

Алар курулуш материалдары катары пайдаланылса керек. Коргонуу курулуштарынын монументалдуулугу согуш коркунучу болгон кезде шаардын элин ишенимдүү калкалап турган. Шаардын бардык тарабында 12 м алыстыкта дубалдары курган кездиги топурак алгандан кийин калган чуңкурлар жатат. Коргондун ар бир тарабында да бирден, төрт эшиги болгон. Алгачкы учурда шаарга кире турган бир ган эшик болгон деп болжоого болот.

Кийинчерээк анын калган дубалдарынан да эшиктер ачылган. А.Н. Бернштам чыгыш жана батышжагындагы дарбазалар 1375-ж. Амир Темирдин шаарга келген учурунда пайда болгон деп эсептейт. Анын пикири боюнча ошол эле мезгилде шаар чыгыш жана туштук жагынан бир катар аянтты алган кошумча дубал менен бекемделген. Тилекке каршы, айыл чарба жумуштарына байланыштуу бул дубалдар биздин күндөрдө бүт бойдон бузулган.

Шаарды казып көргөн кезде курулуштардын калдыктары табылды, алардын дубалдары кыш менен салынган, таманына топурак жана жалпак таштар төшөлгөн. Уйдун ичинде очоктун издери сакталган. Бир бөлмөнун керегесинин шыбагында көк, кызыл, ак жана сары боёк менен жүргүзүлгөн оймо-чийменин издери бар.
Бөлмөлөрүнон ар кандай материалдар: жаргылчак, чоподон, таштан, сөөктөн жасалган ийиктер, алардын айрымдарына оюу салып коюлгандары да табылган. Темир буюмдардан болсо: жаанын учтары, бычактын сыныктары сакталып калган. Куруларга же жүгөнгө кадап жасаган жалпак коло буюмдары да чоң мааниге ээ. Мындай кооздоолор 6-10 кк. Түрк тилиндеги көчмөн урууларда кеңири тараган. Колодон жасалган чоң шакек айрыкча кызыгууну туудурат. Анткени анын жогорку бетине бири-бирин карап турган эки өрдөктүн сурөтү салынган. Мындай табылга Кыргызстандын аймагынан биринчи жолу кезигип отурат.

Пайдаланган адабият түзөтүү

  • Чоротегин Т.К., Өмүрбеков Т.Н. Кыргызстан тарыхы: Эзелки замандан VII к. башына чейин. Орто мектептердин 6-классынын окуучулары үчүн. - Бишкек, 2002.
  • T. Chorotegin, T.Omurbekov: Kyrgyzdardyn jana Kyrgyzstandyn tarykhy: VII k. bashy - XVIII k. ayaghy: 7-klass, Bishkek, 1998; (2-chygarylyshy; 2002. – Bishkek. 2002. – 202 bet, ill., karta. ISBN 5-655-01416-5)
  • T.Omurbekov, T. Chorotegin: Kyrgyzdardyn jana Kyrgyzstandyn tarykhy: (XIX k. bashy - 1917-jyl): 8-klass, Bishkek, 1998; (2-chygarylyshy - 2003. – Bishkek.)

Айрым шилтемелер түзөтүү