Кошулбоо кыймылы – жарыша куралданууга, «кансыз согушка» каршы пайда болгон бейтараптык кыймыл. 1955-ж. 24-апрелде Индонезиянын Бандунг шаарында өткөн конференцияда (Азиянын 23, Африканын 6 мамлекетинен 340 делегат катышкан) Кошулбоо кыймылы түзүлгөн. Ага кирген мамлекеттер өздөрүнүн бейтараптуулугун жана ар кандай саясий уюм, блокторго кошулбай тургандыктарын жарыялап, согуштук-саясий блокторго кирбөө жана антиколониялык, эл аралык куралсыздандыруу жана Түндүк Африка мамлекеттерине эгемендүүлүк берүү талаптарын койгон. 2006-ж. 116 өлкө Кошулбоо кыймылына мүчө болгон. Конференцияларын өткөрүп турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү