Кошумча чыгымдар

1) өндүрүштү уюштурууга, башкарууга жана тейлөөгө байланыштуу чыгымдар. Булар продукция иштеп чыгарууга жумшалган чыгымдар менен бирге өздүк наркка кошулат. Кошумча чыгымдарга, негизинен, административдик-башкаруучу кызматкерлерге жумшалуучу чыгымдар (алардын кызмат акылары, почта, телеграф, телефон, радио, басма сөздөрдү төлөөлөр), продукция сатууга байланыштуу ар кандай чыгымдар, салыктар, ички чарбалык эсепти киргизүүгө байланыштуу болгон чыгымдар кирет.

Кошумча чыгымдардын өлчөмүнө өндүрүштү уюштуруунун формалары жана аларды башкаруунун тутумдары, о. э. өндүрүштү ирилештирүүнүн жүрүшү таасирин тийгизет. Азыркы шартта майда өндүрүшкө караганда ири өндүрүштү уюштурууга, жүргүзүүгө кошумча чыгымдар кыйла аз жумшалат;

2) тобокелчил инвестордун юридикалык, бухгалтердик, эксперттик ж. б. кызматтарга кеткен чыгымы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9