Кош Караташ, Кошкара ТашАт-Башы районунун аймагы аркылуу аккан суу, Аксайдын сол куймасы. Уз. 38 км, алабынын аянты 25,6 км2.

Кошкара Таш.

Ат-Башы кырка тоосунун түш. капталындагы мөңгүлөрдөн башталат. Жогорку агымында тепши сымал өрөөн м-н түш. чыгышты карай агып, Аксайга куят. Жылдык орт. чыгымы 0,7–1,1 м3/сек. Эң көп чыгымы июль – августта, эң азы февраль – мартта байкалат. Апрелден сентябрга чейин кирип, октябрдан мартка чейин тартылат. Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Алабында жалпы аянты 19,8 км2 келген 10 мөңгү бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү