Кош бийлик — Февраль буржуазиялык-демократиялык революциясынан (1917) кийин Россияда бири-бирине карама-каршы эки бийликтин өзгөчө шартта катар жашашы (1917-ж. 1—2-март — 5-июль); буржуазиялык Убактылуу өкмөт менен пролетариат жана дыйкандардын революциячыл демократиялык диктатурасы — Жумушчу, солдат жана дыйкан депутаттары советтеринин бийлиги. Революциячыл масса Петроградда жана жер-жерлерде Жумушчу жана солдат депутаттарынын советтерин уюштурган. Ошол эле убакта ири буржуазия менен помещиктер Мамлекеттик думанын убактылуу аткомун түзгөн. Советтер куралданган калкка таянып, бийликти өз колуна алууга тийиш эле. Бирок Советтерде эсерлер менен меньшевиктер көпчүлүк кылгандыктан, ал жүзөгө ашкан эмес. Петроград советинин аткомундагы эсер, меньшевик жетекчилер Мамлекеттик думанын убактылуу к-ти менен көпчүлүгү кадет, октябристтерден турган Убактылуу өкмөт түзүүгө макулдашкан. Өлкөнүн борборундагы бийлик Петроград совети менен Убактылуу өкмөттүн комиссарларынын жана коомдук уюмдардын комитеттеринде болгон. Кош бийликтеги ич ара келишпестик аны узакка жашаткан жок. Большевиктердин «Бардык бийлик Советтерге» урааны Кош бийликти жоюуга чакырып, бүткүл бийликти тынчтык жол менен эмгекчилерге берилишин талап кылган. Меньшевиктер мн эсерлер 1917-ж. июль күндөрүндө ачык эле контрреволюциячыл тарапка өтүшкөн. 9 (22)-июлда Жумушчу жана солдат депутаттар советтеринин Борбордук Аткаруу комитети жана Дыйкан депутаттар советтеринин бүткүл россиялык аткому Убактылуу өкмөттүн чексиз укуктуулугун кубатташкан. Өлкөдөгү бардык бийликке ээ болгон Убактылуу өкмөт контрреволюциячыл диктатураны орноткондо К. б. жоюлган. Жумушчулар бийликке 1917-ж. 24—25-октябрдагы (6—7-ноябрь) куралдуу көтөрүлүш менен жеткен.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү