КОШ ЖАЗУУбухгалтердик эсептин счетторунда чарбалык операцияларды чагылдыруунун жолу. Бул жолду колдонгондо ар бир чарбалык операциянын суммасы эки счетко — бири счеттун дебети жана экинчиси кредити боюнча жазылат. Кош жазуу бухгалтердик эсептин объектилеринде өзгөртүүлөрдү туудурган чарбалык операциялардын экономикалык мазмунуна жараша жүргүзүлөт. Ар бир чарбалык операция эсептин бир объектинсинде эмес, эки объектисинде бирдей чоңдуктагы өзгөрүүлөрдү туудурат.

Кош жазууга мисал келтирели. Айталык, улуттук банктагы эсептешүү счетунан ишкананын кассасына 1000 сом алынды дейлик. Бул операциянын натыйжасында каражаттардын эки түрү — кассадагы акчанын болушу жана улуттук банктагы эсептешүү счетундагы акча каражаттары козголгон болот. Кассадагы акча 1000 сомго көбөйсө, эсептешүү счетунда тескерисинче, ушул эле суммага азайып отурат. Бухгалтердик эсепте бул операцияны «Касса» счетунун дебети боюнча чагылдырууга болот, анткени бул счет активдүү болуп саналат, ал эми активдүү счеттордо көбөйүүлөр дебетинде жана «Эсептешүү счету» деген счеттун кредитинде жазылат. Кош жазуу жолунан пайдаланганда ар бир операциянын суммасын эки жолу жазып отуруунун кажети жок. Ал шахмат формасындагы эсептик регистрлер менен камсыз кылынат, аларда бир жолу жүргүзүлгөн жазуу дебеттелүүчүү жана кредиттелүүчү счетторду көрсөтөт.

Кош жазуу чарбалык операцияларды чагылдыруунун тууралыгына көзөмөлдүк кылуунун мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Ар бир сумма счеттордун дебети жана кредити боюнча чагылдырылгандыктан, бардык счеттордун дебети жана кредити боюнча айлануусунун жыйынтыгына барабар болууга тийиш. Мындай барабарчылык болбосо бул счеттор боюнча жазууларда жаңылыштыктарга жол берилгендигин билдиришет. Кош жазуу өздөрүнүн түзүлүү булактары менен өз ара байланыштагы чарбалык каражаттардын жүгүртулүшүн чагылдырылган көрсөткүчтөрдү туруктуу түрдө балансылык жалпылоону камсыз кылуу жолдорунун бири болуп саналат. Бухгалтердик эсептин кош системасы — кош жазууга негизделген бухгалтердик эсептин ыкмасы. Бухгалтердик эсептин кош жазуу системасы бардык ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда колдонулат. Өзгөчө бир учурда айрым майда мекемелерде эсеп-кысаптын жөнөкөй системасы убактылуу колдонулушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү