Кош уруктануу – гүлдүү өсүмдүктөргө гана таандык жыныс процессинин бир түрү. Мында өсүмдүктөрдүн түйүлдүк кабындагы энелик клетка менен борбордук ядро бир мезгилде уруктанат. 1898-ж. орус илимпозу Г. С. Навашин ачкан. Урук пайда болушу үчүн гүлдүү өсүмдүктөрдө Кош уруктануу жүрөт. Чаңча түтүкчөсүндөгү эки спермийдин бири энелик клетканы, экинчиси түйүлдүк кабынын борбордук ядросун уруктандырат. Уруктанган энелик клеткадан — түйүлдүк, ал эми борбордук ядродон азык тканы — эндосперм калыптанат. Уруктанууга катышкан клеткалардын ядролору интерфаза абалында болот. Кош уруктануу урук бүчүрдүн, уруктун калыптануусун тездетет, ошондой эле өсүмдүктүн тукум куума касиети жакшырып, тиричиликке, чөйрөгө ылайыкташуусу жогорулайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү