Кош чындык теориясыфилософиялык жана диний акыйкаттардын бөлүнүшү тууралуу окууну белгилеген философиялык термин. Кош чындык окуусу боюнча, философиянын чегинде диний чындык, диндин чегинде философиялык чындык жалган болуп саналат. Кош чындык окуусу Аристотелдин философиясы кеңири тараган орто кылымдардагы Чыгышта өтө кеңири таралган теориялардын катарына кирген. Себеби Аристотелдин бир катар философиялык идеялары христиандык да, мусулмандык да догмаларга каршы келген. Ошол себептен кош чындык тууралуу абал орто кылымдардагы илим менен диндин ортосундагы карама-каршылыкты чагылдырган дүйнө таанымдын өзгөчө белгиси болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8