Кош этек — улуттук мүнөздү айкындаган, ак, сары, көк жибектен тигилген, кыргыздын кыз-келиндери кийишкен элдик кийимдин бир түрү. Бычылган көйнөктүн жакасынын кылда учу бир элидей бүйүрмөлөнөт да, төшү туюкталып, топчусу артына кадалат. Белине чак чыпталган анын этегинин учу жарым элидей кайрыла тигилет. Этегинен өйдө сөөмдөй, жазылыгы беш элидей бүйүрмөлөнгөн эки жеңи басса-турса желпилдеп, жарашыктуу көрүнөт. Илгери кош этек көйнөктүн этек-жеңдерин кызыл-тазылдоого айрыкча көңүл коюлган.


Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)