Коэффициент [латынча со (cum) — биргелешип жана efficiens — иштеп чыгаруу] — белгисиз же өзгөрмө чоңдуктарды камтыган тамгалуу туюнтманын белгилүү туруктуу көбөйтүүчү саны. Мисалы, 4 а b бир мүчөдө Коэффициент ; х +3px+q =0 теңдемесинде х2тын Коэффициенти 1; хтин Коэффициенти 3p ; айлананын узундугу табуу формуласы С=2ргде Коэффициент 2 болот. Формулалардагы көпчүлүк Коэффициенттер физикалык закондорду туюндуруучу өзгөчө аталышка ээ: мисалы, сүрүлүү Коэффициенти, беттик тартылуу Коэффициенти ж. б. Ал эми математикада: бир мүчөнүн Коэффициенти, бурчтук Коэффициент, окшоштук Коэффициент, бином Коэффициенти, пропорциялаштык Коэффициенти ж. б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү