Шарттары түзөтүү

Оюнчулардын саны 6—8 киши.
Оюн аянтчада, спорттук бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Жетекчи (карышкыр) шайланат, калган оюнчулар бир биринин артында турушуп, алдыларындагылардын белдеринен кармашып оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат. Жетекчи «карышкырдын», катарда биринчи турган оюнчу «койчунун», калган оюнчулар «койлордун» ролдорун аткарат.

Оюндун баяны түзөтүү

«Карышкыр» ар кандай алдоочу кыймылдарды жасал, «койлордун» акыркысын кармоого, «койчу» болсо анын жолун тороп тоскоолдук» кылууга, «койлорду» корууга, «койлор» колдорун коюп жиберишпей «койчунун» артынан жүрүүгө аракеттенишет. Эгерде «карышкыр», «койлордун» акыркысын кармап алса, «койчу» «карышкырдын», катардагы биринчи болуп калган оюнчу «койчунун» ролун аткарат. «Карышкыр» болсо, катардын акырына барып калган оюнчуларга кошулат. Ошентип, оюн каалашкан убакытка чейин уланышы мүмкүн. Койчунун милдетин жакшы аткарган оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси түзөтүү

«Карышкыр» менен «койчу» бир бирин кармоого, түртүүгө, чалып жыгытууга, «койлор» колдорун ажыратып жиберүүгө, болбойт.

Методикалык көрсөтмө түзөтүү

Колдорун ажыратып жиберген оюнчулар, «карышкырдын» ролун аткарат.

Педагогикалык мааниси түзөтүү

Ылдамдыкка, күчкө, шамдагайлыкка, чыдамкайлыкка тарбияланат, коюлган максатка жетүү үчүн аракеттенүүгө үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү