Коңур-Өлөң, Ала-Баш өрөөнү

Коңур-Өлөң, Ала-Баш өрөөнүЫсык-Көл ойдуңунун түштүк-батыш бөлүгүндө, Тоң районунун аймагында. Түштүгүнөн Тескей Ала-Тоо, түндүгүнөн Дубана, Тегерек, Көк-Жар, Курбу жапыз тоолору менен чектешет. Генезистик тиби боюнча – мегасинклиналдык ойдуң. Климаты континенттик, жайы мелүүн (15°С), кышы суук (–15–20°С), жылдык жаан-чачыны 300–350 мм (кардын калыңдыгы 10–20 см). Коңур-Өлөң, Мамбет-Төр, Ичке-Төр, Ийри-Суу Чыгыш жана Батыш Кара-Сууга кошулуп, Ак-Терек суусун түзөт. Ак-Терек суусу Дубана тоосун кесип агып, Ысык-Көлгө куят. Ойдуң жер астындагы сууга бай, чыгыш бөлүгүндө Айдың-Көл көлү (аянты 0,7 км2 ) бар. Топурагы боз-күңүрт жана саз кыртыштуу, тоо капталдарында – кара коңур. Тескей беттерде талаа, шалбаа, өлөң саз, күнгөй бетте (Тегерек) жарым чөл, кургакчыл ксерофит өсүмдүктөрү өсөт. Ойдуңда Ала-Баш, Дөң-Талаа, Комсомол, Коңур-Өлөң, Көл-Төр, Тогуз-Булак кыштактары жайгашкан. Мал чарбасы (айрыкча кой чарбасы) өнүккөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү