Коңур-Өлөң мөңгүлөрүТескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы татаал өрөөн тибиндеги 2 мөңгү (Чыгыш жана Батыш). Ак-Терек суусунун оң курамы – Коңур-Өлөңдүн башында жайгашкан. Чыгыш мөңгүсүнүн узундугу 5,8 км, аянты 11,0 км2, абляциясынын аянты 6,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4760 м, этеги 3360 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3920 м. Куралуу аймагы эки ири мөңгүнүн биригишинен пайда болот. Этегинин калыңдыгы 25–30 мге жетет. «Тилинин» учу менен азыркы моренанын аралыгы 35–40 м. Батыш мөңгүсүнүн узундугу 3,5 км, аянты 5,8 км2, абляциясынын аянты 3,8 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4700 м, этеги 3440 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3900 м. Мөңгүнүн бети бир аз жантайыңкы, тегиз. Азыркы этек моренадан 2 км төмөндө дагы мореналардын үйүлүп жатышы мөңгүнүн акырындык менен тартылып бараткандыгына күбө. Мөңгүлөрдөн Коңур-Өлөң суусу башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү