Красноярск
Кызылжар ― Орусиядагы шаар (1822-жылдан). Красноярск крайынын административдик борбору. Энесай дарыясынын өйүз-бүйүзүндө жайгашкан. Калкы 1 052 218 (2015-жылы). Темир жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Дарыя порту. Кызылжар аркылуу Транссибирь магистралы, «Байкөл» (Новосибирск – Кемерово – Кызылжар – Иркутск – Листвянка) жана «Энесай» (Кызылжар – Абакан – Кызыл – Моңголиянын чек арасына чейин) федерация автотрассасы өтөт. Чыгыш Сибирдин илим, билим, маданий борбору. Машина куруу жана металл иштетүү (токой жана целлюлоза-кагаз, кеме өнөр-жай үчүн жабдуу, экскаватор, комбайндардын тетиктерин даярдайт), түстүү металлургия, химиялык (химиялык була, жасалма каучук, шина), жеңил өнөр-жай ишканалары, алюминий (дүйнөдүгү эң ири; 2007-ж. 1 млн тга жакын өндүрүлгөн), муздаткыч чыгаруучу «Бирюса» (Россиядагы эң ири) ж. б. заводдор иштейт. 1628-ж. негизделген. 19-кылымдын 2-жарымынан сүргүнгө айдалчу жер болгон. Россия банкынын билетине түшүрүлгөн 7 шаардын бири. Көпөстөрдүн үйлөрү (1854), коноктор ак сарайы, бийик аркалуу соода катарлары (1860), эклектика стилиндеги турак-жайлар (20-кылымдын башы, алтын өндүрүүчүлөрдүн), чиркөөлөр, кечилканалар, соборлор ж. б. сакталган. Он үч Жогорку окуу жайлары (анын ичинде 2 университет), Орусиянын Илимдер Академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Красноярск илимий борбору, музейлер (анын ичинде край таануу, В. И. Суриков атындагы сүрөт), В. И. Суриковдун үй-музейи, сүрөт галереясы, театрлар (анын ичинде опера жана балет, музыкалык комедия, драма, куурчак) бар. Красноярскка жакын ГЭС курулган. Красноярсктан 3 км түштүк-батышта Мамылар коругу уюштурулган. Эл аралык фестивалдар (опера) жана конкурстар өткөрүлүп турат[1].
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
- ↑ Красноярск шаары тууралуу маалымат Archived 2021-09-03 at the Wayback Machine