Краш-тест (о.э крэш-тест, англ. crash test — кырг. Авариялык сыноо) — унаалардын коопсуз экендигин текшерүү үчүн уюштурулган сыноо. Англис тилинин «crash test» деген сөзүнөн алынган, бизче которгондо «авариялык сыноо» дегенди билдирет. Бул үчүн жаӊы жасалган унаага манекен салынат, андан соӊ унаа белгиленген ылдамдыкта келип бетон дубалды сүзөт. Унаанын жараксыз жерлери, ичиндеги манекендин кандай жабыр тартканы текшерүүгө алынат. Акыркы кездерде бетон дубалынын ордуна карама-каршы тилкеде келе жаткандай элес калтырган унаага окшош атайын каражат колдонула баштаган. Бул авариялык кырдаалды чындыкка болушунча жакындатуу аракети экени айтпаса да белгилүү. Краш-тестте кээде унаанын капталына, аркасына да соккулар урулат. Акыркы кездерде краш-тест жеке эле унааларга эмес, ноутбук, уюлдук телефондорго да колдонулуп калды.

Краш-тест General Motors