Кребс циклиуглеводдордун, майлардын, амин к-талардын организмде ажыроосунун натыйжасында клетка менен ткандардын ортосундагы зат алмашуунун негизинде аралык продукт катары уксус к-тасы пайда болот. Сутка аралыгында адам 400 г углевод пайдаланылса, андан 267 г уксус к-тасы, мындан башка 70 г май жана 100 г заттардан дагы 100 гга жакын уксус к-тасы алынат. Бир суткада орточо эсеп менен адам организминде 367 г уксус к-тасы пайда болот уксус к-тасы эркин к-та катары эмес, кофермент түрүндө (CН3-CО-КоА) пайда болуп, андан ары көмр кычкыл газы жана сууга чейин ажыроосу К. ц-нин негизин түзөт. К. ц-нде козукулакуксус к-тасынын конденсация реакциясынын негизинде лимон к-тасы пайда болот. Козукулакуксус к-тасы организмде аспарагин к-тасынын деаминдешүү реакциясынан кийин жана пирожүзүм к-тасынын карбоксилдешүүсүнөн (пирожүзүм к-тасына көмүр кычкыл газы кошулат) кийин пайда болот. Лимон к-тасынан кийин цис-аконит → изолимон → a–кетоглутар → янтарь → фумар → алма к-талары, андан кайра козукулакуксус к-тасы → лимон к-тасы …

Кребс цикли.

Бул к-талардын бири-бирине айлануусу акыр аягында көмүр кычкыл газы жана суунун молекуласына чейин ажыраганча жүрө берет.

Мунун негизинде 38 молекула аденозинүчфосфор к-тасы (АТФ) пайда болуп, организмдеги энергиянын булагы катары каралат. Изилдөөлөрдүн негизинде аныктоо боюнча К. ц-нен бөлүнүп чыккан энергия организмдин жашоосуна кеткен энергиянын бөлүгүн түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү