Кредит системасы – кредит мамилелеринин, кредит берүү формаларынын жана методдорунун, ошондой эле кредит мекемелеринин системасынын жыйындысы. Кредит системасы банк системасынан жана банкка тиешеси жок кредит уюмдарынан түзүлөт. Банк системасы Кредит системасынын өлкөдөгү эркин акча каражаттарын чогултуп, керектөөгө карата улуттук чарба субъекттеринин арасында бөлүштүргөн негизги бөлүгү катары каралат. Банкка тиешеси жок кредит уюмдарына инвестициялык ж. б. фонддор, кредит ишчараларын жүргүзгөнгө укугу бар бардык уюмдар кирет. Экономикалык системанын бөлүгү катары Кредит системасынын өзүнүн функциялык, институттук жана уюштуруучулук өзгөчөлүктөрү бар. Ага товар-акча мамилелеринин өсүү деңгээли, коомдук жана экономикалык тартип, кредит мамилелери боюнча иштелип чыккан укук жана мыйзам негиздери, экономикалык циклдеги фазанын экономикалык абалы, мамлекеттин же улуттук (борбордук) банктын кредит чөйрөсүн жөнгө салышы, анын өнүгүшүнүн ачыктыгы таасир этет. Кредит системасынын чарба жүргүзүүсү (борбордук, рыноктук, өтмө), өнүгүү деңгээли (өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан), географиялык мүнөзү боюнча (улуттук жана эл аралык) классификацияланган бир нече тиби белгилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү