Крезол, метилфенол, гидроокси-толуол, СН5-С6Н4-ОН — жагымсыз жыттуу суюктук. Мол. масс. 108,14, үч изомери бар: орто (1-метил-2-оксибензол), мета (1-метил-З-оксибензол) жана пара (1-метил-4-оксибензол). Бул изомерлер бардыгы кадимки орг, эриткичтерде жакшы эришет. К. фенол сыяктуу начар к-талык касиетке ээ; щелочтор менен тузду крезоляттар пайда кылат. Электрофилдик орун алмашуу реакцияларына кирет. Мис. галогендөө, нитрлөө, сульфирлөө жана конденсация реакциясына оңой эле кирет. К. ө. ж-да таш көмүр чайырынын К. фракциясынан алы-нат. Ал таш көмүрдү кокстаганда, күйүүчү сланцтарды ысытканда жана жыгачты пиролиздегенде пайда болгон сульфок-тасынан же толуидинден алынат. К. крезол-альдегид чайырын, дезинфекциялоочу каражаттар, боёгучтар, мед. препараттар, жарылгыч заттар, гербициддер өндүрүүчү сырьё болуп саналат. К. дем алуу органдарынын жука катмарларын дүүлүктүрөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү