Кремний карбиди, карборунд, SiС —кремний менен көмүртек бирикмеси, техникада колдонулган эң керектүү карбиддин бири. Таза түрүндө К. к. түссүз, алмаздай жалтыраган кристаллдар. Техникада К. к. жашыл же кара көк түстө болот. К. к. 2830°С эрийт, таза түрүндө изолятор болуп эсептелет. Тазаланбаган К. к. жарым өткөргүчтүк касиеттери бар. К. НNО3 менен НF к-таларынын аралашмасы таасир этет. Н3РО4 230°С жана хлор газы 400-600°С таасир этишет. Кычкылтек тогунда 800°С оксидке өтө баштайт. Эритилген щелочтор менен аба чөйрөсүндө реакцияга кирет.

SiС + Na2СО3+ 2О2 = Nа2SiO3+ 2СО2

SiС + 2КОН + 2О2 = К2SiO3+ Н2О + СО2

К. к. Nа2О2 менен таасир эткенде натрийдин силикаты жана карбонаты пайда бо-лот. Ве тобундагы металлдар оксиддери 1000°С, оор металл оксиддери 1300-1370°С К. к-н ажыратат. К. к. электропечте 2000-2200°С кварц куму (51-55%); кокс (35-40%), КС1 (1-5%), жыгач күкүмү (5-10%) аралашмасынан алынат:

SiO2 + 2С = Si + 2СО; Si + С = SiС

К. к. кайрактар, ысыкка туруктуу буюмдар, электропечтер ысытуучу элементтери жана курулуш материалдары жасалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү