Кремний киcлотaлaрыкремний ангидридинен алынган заттар. Өтө начар, сууда аз ээриген кислоталар. Таза түрүндө метакремний H2S203 же кремний киcлотасы жана орто кремний H4SiO4 жана экиметакремний H2Si2O5 киcлотaлары алынган. Кремний киcлотасынын өтө каныккан эритмелеринде коллоиддик бөлүкчөлөр пайда болот. Коллоиддик эритмелердин туруктуулугу чөйрөнүн рН-ына, SiO2 концентратына, температурага көз каранды болот. Кремний киcлотасынын эритмелеринин рНы 2-2,5 болсо, коллоиддик бөлүкчө туруктуу болуп, рН 5-6дан көбүрөөк болсо, коллоиддик бөлүкчөлөр ассоциацияланып, гелдер пайда болот. Кремний киcлотасынын туздары силикаттар деп аталат. Аларды алуу үчүн натрий же калий силикаттарынын эритмесине туз НС1 же күкүрт H2S04 кислотатасы кошулат. Кремний киcлотасынын коллоиддик эритмелери кагаз, текстиль өнөр-жайында, суу, минералдык майларды тазалоо жана бириктирүүчү заттар катары; ал эми силикагелдер болсо, бууну жана газдарды сиңирип алуучу адсорбент жана агарткыч зат катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү