Крешне-гори
Крешне-гори, Кендүү тоолор (немецче Erzgebirge Krusne hory) – Чех тоо массивинин түндүк-батыш чет-жакасы, Германия менен Чехиянын чек арасы боюнча 150 кмге созулуп жатат. Бийиктиги 1244 мге чейин. Негизинен кристаллдуу тоо тектерден, кумдук, конгломераттан турат. Кыр зонасы күдүрлүү, түштүк капталы тик, түндүгү жантайыңкыраак (этегинен Саксония Швейцариясы орун алган). Аралаш токой, бийигирээк чым-көң, шалбаа ээлейт. Полиметалл кен таштары, күрөң көмүр кени, кайнар булактар, курорттор бар.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9