Кривой Рог темирлүү кен таш бассейни

Кривой Рог темирлүү кен таш бассейни – Украинадагы ири темир кени орун алган аймак. Днепр дарыясынын алабында. Узундугу 100 км, туурасы 2–7 км, түндүктөн түштүккө созулуп жаткан тилке. Аянты 300 км2. 1881-жылдан казып алынат. Бассейндин аймагын кембрийге чейин пайда болгон чөкмө-метаморфизм тектердин калың катмары ээлеп жатат. Темир кен ташы катмарлардын ортосундагы калыңдыгы 2 кмге жеткен темирлүү кен таш геологиялык формациядан орун алган. Мында темирлүү кварцит менен сланецтерден турган 7–8 катмар кездешет. Катмарлар тектоникалык процесстердин таасиринен көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болуп, түзүлүшү татаалданган. Темирлүү кварцит гематит менен магнетиттен же алардын аралашмасынан турат. Темир орточо 30–45%ти түзөт. Ушуга жараша кен таш өз ичинен бай (гематитмагнетиттүү) жана жарды (темир-кварцит-магнетиттүү) түрлөргө бөлүнөт. Бассейнде темирге өтө бай (темир орточо 57,6%) кен таштын чалгындалган запасы 1,7 млрд тга жетет (1972-ж. 1-январга карата). Магнетиттүү кварцит – 11,6 млрд т болот. Темир кен ташы 900 м тереңдиктен казып алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү