Кризис
Кризис (грекче krisis – чечим, бурулуш пункт, натыйжа) – бурулуш учур, оор өткөөл мезгил, адам ишмердигинин чөйрөсүндөгү кандайдыр бир карама-каршылыктын курчушу, опурталдуу туруксуз абал. Кризис экономикалык, социалдык, финансылык, акча-кредит, биржалык, агрардык, саясий, бул же тигил экономикалык, социалдык-саясий системанын (колониялык, капиталисттик, социалисттик), дүйнөлүк валюта системасынын ж. б. болуп бөлүнөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9