Крик
Крик – 1) мезгил-мезгили менен соолуп калуучу дарыя же суу агымы. Кургакчыл мезгилде чачынды көлмөлөргө айланып кетет. Термин көбүнчө Австралияда, энчилүү аттарда пайдаланылат; мисалы, Куперс-Крик. 2) АКШда деңизге түзөң жээктен куйган чакан дарыялардын эстуарийи да Крик деп аталат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9