Крик Фрэнсис Харри Комптон

Крик Фрэнсис Харри Комптон (англисче Francis Crick; 8. 6. 1916, Англия, Нортгемптон — 28. 7. 2004, АКШ, Калифорния штаты, Сан-Диего) – англиялык биофизик жана генетик, молекулалык биологияны негиздөөчүлөрдүн бири, Лондон король коомунун мүчөсү (1959). Лондон университетинин коллежин аяктаган (1937). 1947–77-жылдары Кембриж университетинин түрдүү лабораторияларында (1962жылдан молекулалык биология лабораториясынын башчысы), 1953–54-жылдары Бруклин политехникалык институтунда (Нью-Йорк) иштеген. 1977-жылдан Солк биологиялык изилдөөлөр институтунда (АКШ, Калифорния) профессор-изилдөөчү, Калифорния университетинин профессору. Негизги эмгектери нуклеин кислотасынын молекулалык түзүлүшүн изилдөөгө жана тирүү клеткадагы генетикалык маалыматтардын берилүү жолдорун чечүүгө арналган. Ж. Д. Уотсон менен бирдикте ДНКнын түзүлүшүн, анын эселенүү (репликация) схемасын аныктап, клетканын бөлүнүүсүндө тукум куума белгилердин тукумга берилүү механизмин алгач түшүндүргөн (1953). Генетика коддун келип чыгышын (1970-ж., Л. Оргел менен бирдикте) сунуштаган. 1980-жылдан нейробиология маселелеринин үстүндө иштеп, аң-сезим, көрүү жана түш көрүү механизмдерин изилдеген. К. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1962, Ж. Уотсон, М. Уилкинс менен бирге). Эмг.: Безумный поиск: личный вклад на научное открытие. М., Ижевск, 2004.

Колдонулган адабияттар түзөтүү