Криптон (гр. Kryptos – жашырынган, лат Kryptonum),–Д.И.Менделеев мезгилдик системасы 4-мезгилинин VIIIА группа элементи, асыл газдарга кирет, к.н. 36, ат. м. 83,80. 1898-ж. У.Рамзай менен М.Траверс ачкан. Кадимки шартта 1 м3 абада 1м3 К. эрийт, түссүз, жытсыз газ. Атмосферада 3×10-4 % болот (көлөм б-ча). К. 6 изотоп аралашмасынан турат: 78Kr (0,354 % көлөмү б-ча), 80Kr (2,27 %), 82Kr (11,56%), 83Kr (11,55 %), 84Kr (56,90 %) жана 86Kr (17,37 %). Окистенүү даражасы +2. К. молекуласы бир атомдон турат. Ат-ук радиусу 1,98; коваленттик радиусу 1,09. Иондошуу энергиясы: Kr0 ® Kr + ® Kr 2+ ® Kr 3+ (эВ менен ) 14,00; 24,57; 36,94 барабар. Тыгызд. 3,745 г/л (273К, 0,01 МПа), кайноо темп-расы -153,2оС жана балкып эрүү темп-расы -157,1оС. Суюк абалындагы К. тыгызд. 2,472 г/см3, ал эми катуу абалында – 3,100 г/см3. Катуу К. кубдук кристаллдык торчону пайда кылат: a =5,72Е (58К), z=4. Сууда эригичтиги – 1,1×10-4 кг/м3 (0оС, 0,1 МПа); 0,054×10-3 кг/м3 (25оС, 0,1 МПа); Суу жана орг. заттар менен клатраттар пайда кылат. Бир нече эксимердик бирикмелери белгилүү: KrF * , KrCl * , KrBr * , KrO * (УФ лазерде колдонулат). К. фтор (KrF2), фенол, хлороформ жана башка менен бирикмелери алынган. К. өндүрүштө абадан алынат. 85Kr радиоактивдүү изотобун b-нурун алуучу булак катарында медицинада, коррозияны изилдөөдө индикатор катары ж.б. колдонулат. Андан сырткары К. электровакуумдук техникада, ысытылып жарык берүүчү лампаларды, түстүү реклама түтүктөрүн (ак түс) толтурууда колдонулат. К. болоттон жасалган баллондо 5-10 МПа басым астында сакталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү