Кристаллдашуу – суюк, катуу абалдагы заттар кристаллдарын алуу. Газ жана суюк фазадан кристалл алынганда жылуулук бөлүнүп чыгат. Ал эми катуу затты экинчилик кристаллга айландырууда жылуулук бөлүнөт же жутулат. Кристаллдашуу процесси жүрүү үчүн алынган системаны (г, с, к) өтө муздатуу же катуу заттар менен каныктыруу керек. Бул мезгилде кристалл алууга мүмкүн болгон өсүү борборлору калыптанат. Электр талаасы, жарык, нурлар таасири менен да мындай борборлор түзүлөт (электрдик кристаллдашуу). Өсүү борбору түзүлгөндөн кийин бат, б.а. спонтандык түрдө жайнаган ар түрдүү формадагы кристаллдар пайда болот. Массалык К. бир эле мезгилде көп сандаган кристаллдардын пайда болушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү