Кристаллдык торчо (кристаллдык структура) – кристаллда атомдор, иондор же мол-лар туура жайгашуусу. Атом, ион же мол-ла жайгашкан точкалар торчо түйүндөрү деп аталат. К.т. пайда кылган бөлүкчөлөр жаратылышына жараша К.т. бир нече түргө бөлүнөт: 1) Иондук-К.т. түйүндөрүндө оң жана терс иондор жайгашат. Мындай К.т. туздар, оксиддер жана щелочтор мүнөздүү. Иондук кристаллдар жогорку эрүү темп-расына, катуулукка, аз учуучу касиеттерге ээ болушат; 2) атомдук – К.т. түйүндөрүндө коваленттик байланыш аркылуу байланышкан нейтралдуу атом жайгашат. Атомдук к.т. ээ болгон заттар өтө кыйындык менен эрип, катуу, морт болушат (алмаз, кремний, германий, боз калай, кремний карбиди); 3) металлдык – К.т. түйүндөрү катиондор кээ бир бөлүгү эркин атомдор менен толтурулуп, алардын ортосунда электрондор болушат. Мындай к.т. металлдарга гана мүнөздүү. Металлдар үчүн жогорку балкып эрүү жана кайноо темп-ралары, катуулук мүнөздүү; 4) мол-лык – К.т. түйүндөрүндө мол-лар жайгашып, алардын ортосунда начар Ван-дер-Ваальс күчтөрү аракеттенишет. Металлдык К. т. жөнөкөй жана татаал заттарга мүнөздүү. Мис., асыл газдар, галогендер, озон, аммиак, көмүр к-талары, парафиндер ж.б. бул заттар катуулугу аз болуп, төмөнкү темп-рада эришет жана кайнашат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү