Сэр Кристофер Фрэнк Карандини Ли (англ. Christopher Lee;1922-жыл 27-май – 2015-жыл 7-июнь) — англиялык мүнөздүү актер, ырчы жана автор. Карьерасы 70 жылдан ашык убакытка созулган Ли башында терс каармандын ролун ойноп жүргөн жана «Hammer Horror» компаниясынын коркунучтуу тасмаларында Дракула ролун аткарганы менен белгилүү болгон. Анын башка тасмадагы ролдоруна «Жеймс Бонд» сериясындагы «Алтын мылтыкчан киши» (1974) тасмасында жараткан Франциско Скараманга образы, «Шакектер ээс» үчилтиги (2001-2003) жана «Гоббит» үчилтиги (2012-2014) жана ошондой эле «Жылдыздар согушу» үчилтигинин 2 жана 3-тасмалары (2002/2005) кирет.

Ли драма жана кайрымдуулукка кошкон салымы үчүн 2009-жылы орден менен сыйланган жана 2011-жылы «BAFTA Academy Fellowship», ал эми 2013-жылы «British Film Institute Fellowship» сыйлыктарын алган. Ли өзүнүн эң мыкты ролу деп «Жинна» биографиялык тасмасындагы Пакистандын негиздөөчүсү Мухаммед Али Жиннанын образын жаратканын атаган. Ал эми өзү тартылган эң мыкты тасмасына Британиянын «Оронгон киши» (1973) коркунучтуу киносун киргизген. Ал көбүнчө «Hammer Horror» компаниясынын тасмаларында терс каармандын ролун аткарган жана карьерасынын акыркы жылдарында Тир Бартондун алты тасмасына тартылып калган.

Ар дайын терең жана күчтүү үнгө ээ болгон Ли ырдоо шыгы менен да белгилүү болгон. 1986-1998-жылдардын аралыгында ал опералык жана музыкалык чыгармаларды жаздырган. 2005-жылдардан тарта метал топтору менен иштешкенден кийин ал симфоник-метал жанрында 2010-жылы «Улуу Карл: Кылыч менен чырымдын жанында» альбомун жаздырууга жетишкен. Ага улай эле оор метал жанрындагы «Улуу Карл: Өлүмдүн белгилери» альбому 2013-жылдын 27-майында, Линин 91-туулган күнүндө жарык көргөн. Ал 2010-жылы «Metal Hammer Golden Gods» сыйлыгынын «Метал деми» ардактуу наамына татыган. Ли дем алуу органдары начарлап, жүргөгү кармап калып 93 жашында 2015-жылдын 7-июнунда дүйнө салган.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү