Кристофер Майкл Прэтт (англ. Chris Pratt ; 1979-жылы, 21-июнда туулган) - америкалык актер. Прэтт NBC телеканалындагы "Парктар жана эс алуу аймагы" (анг. Parks and Recreation, 2009-15) телесериалында Энди Двирдин ролу менен атактуулукка жеткен. Бул ролу үчүн ал көптөгөн мактоолорго ээ болуу менен, 2013-жылы "Киносынчылардын Телеберүүдөгү Тандоосу" сыйлыгынын комедия категориясындагы "Экинчи пландагы эң мыкты актер" наамына көрсөтүлгөн. Ал ошондой эле The WB телеканалындагы ""Эвервуд" (анг. Everwood) сериалында Брайт Эббауттун ролун аткарган.

Ал эми "Издөөдө" Wanted, "Женнифердин денеси" (анг. Jennifer's Body), "Баарын өзгөрткөн адам" (анг. Moneyball), "Беш жылдык никелешүү" (анг. The Five-Year Engagement), "Түнкү саат он эки жарым" (анг. Zero Dark Thirty), "Жеткирүүчү адам" (анг. Delivery Man) жана "Анын" (анг. Her) сыяктуу толук метраждуу тасмаларга тартылуу менен кинодогу карьерасын баштаган.

Прэтт 2014-жылы ийгилик жараткан "Лего Тасма" (анг. The Lego Movie) жана "Галактиканын көзөмөлчүлөрү" (анг. Guardians of the Galaxy ) тасмаларында тартылуу менен карьерасында чоң секирик жасаган. 2015-жылы ал "Юр паркы" тасмаларынын төртүнчү чыгарылышы "Юра дүйнөсү" тасмасында тартылган, Ал эми бул кино 1.6 миллиард АКШ долларын табуу менен, Прэтт тартылган тасмалардын эң кирешелүүсү болуп саналат. Ошол эле жылы ал Time тизмесинин "Дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 адам" катарына кирген.

Андан соң Прэтт "Укмуштуу жети" (анг. The Magnificent Seven) жана "Жүргүнчүлөр" (анг. Passengers) тасмаларында башкы ролду аткарган. Ал "Галактиканын көзөмөлчүлөрү 2" (анг. Guardians of the Galaxy Vol.2) чыгарылышында Стар Лорддун ролун аткарган жана "Өч алгычтар" тасмасынын төртүнчү чыгарылышы "Өч алгычтар: Чексиз согуш" (анг. Avengers: Infinity War) тасмасында да тартылат.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү