Кристофер Роберт Эванс (англ. Chris Evans; 1981-жылы, 13-июнда туулган) - америкалык актер жана кинорежиссер. Эванс, "Marvel Cinematic Universe" студиясынын "Капитан Америка"(анг. Captain America) тасмасындагы супер баатырдын ролун аткаргандыгы жана "Укмуштуу төртилтик" (анг. Fantastic Four, 2007) тасмасында Жалындуу адамдын ролун аткаргандыгы менен белгилүү.

Ал алгачкы карьерасын 2000-жылдардагы "Карама-каршы жыныс"(анг. Opposite Sex) аттуу телесериалдан баштап, андан кийин "Тасма өспүрүм үчүн эмес"(анг. Not Another Teen Movie), "Күн шооласы" (анг. Sunshine), "Скотт Пилгрим дүйнөгө каршы" (анг. Scott Pilgrim vs The World), "Кар тешүүчү" (анг. Snowpiercer) жана "Шыктуу" (анг. Gifted) сыяктуу тасмаларда тартылган. Ал эми 2014-жылы өзү тартылган "Биз кеткенге чейин"(анг. Before We Go) тасмасында дебюттук режиссерлук ишти аткарган.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү