Критикалык температура - 1) нерсенин өтө өткөрүмдүүлүк абалына өтүү температурасы. Таза металлдардан эң төмөнкү Критикалык температурасына титан (0,37К), эң жогорку Критикалык температурасына технеций (11,2К) ээ болушат; 2) заттын критикалык абалындагы температурасы. Ар кандай заттын Критикалык температурасы ал заттын суюктугу өзүнүн буусу менен теңсалмактуу абалда болуп жана алардын физикалык касиеттеринде айырма жоголгон учурда аныкталат. Критикалык температурада суюктуктун жана каныккан буунун тыгыздыктары бирдей болуп, алардын бири биринен айырмасы жоголот жана суюктуктун бууга айландыруу жылуулугунун чоңдугу нөлгө барабар болот. Критикалык температура – заттарды мүнөздөөчү туруктуу чоңдуктардын бири; 3) эригичтиги чектелген компоненттерден турган суюк аралашмаларда өз ара чектелбеген эригичтиги башталган температура.

Колдонулган адабияттар түзөтүү