Кромлех (бретончо crom – тегерек жана lech – таш) – чоң таштардан коргон сыяктуу тегерек тургузулган неолит жана коло доорлоруна таандык сыйынма курулуш жайлары. Бийиктиги 7 м келген таштар жерге орнотулуп, түрдүү диаметрдеги тегеректи түзөт. Ортосуна уруунун атактуу адамдары коюлган. Кромлех Америка, Улуу Британия, Франция, Скандинавия жана Кавказда кеңири таралган. Кыргызстанда анча чоң эмес тегерек тизилип коюлган таштар Кромлех деп аталат. Ал соңку темир доорунда пайда болуп, сак жана усундардын көрүстөндөрүндө көбүрөөк кездешет. Кромлехтин чыгышы күнгө сыйынуу салты менен байланыштырылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү