Крыленко мөңгүсүБорбордук Теңир-Тоодо жайгашкан өрөөн тибиндеги ири мөңгү. Сары-Жаздын алабында, Боз-Кыр жана Постышев кырка тоолорунун кошулган жеринен башталып, Көйкап өрөөнүнүн таманына бир аз жетпей бүтөт. Узундугу 6,1 км, аянты 2,4 км2. Башы деңиз деңгээлинен 5420 м, этеги 3460 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4100 м. Мурда (болжол менен 1850–60-жылдары) ал Көйкап мөңгүсүнүн бир чоң салаасы болгон. Кийин чегинүүдөн андан ажырап, өзүнчө мөңгү болуп калган. Мөңгүдөн Көйкаптын сол курамы башталат. Мөңгү альпинист жана мамлекеттик ишмер Н. В. Крыленконун урматына аталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү