Крючков, Алексей Степанович

Крючков, Алексей Степанович (1926, Орлов облусу, Ульянов р-ну – 1989, Москва ш.) – геолог, Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976). Москва түстүү металлдар ж-а алтын ин-тун бүткөн (1948). Тажикстандагы Кансай руднигинде геолог, улук геолог, начальник (1948–50), Актүз руднигинин башкы геологу, начальниги, рудабашкармалыгынын директору (1953–57), Кыргыз тоокен комбинатынын директору (1957–61), Кыргыз геология башкармалыгынын начальниги (1961–62). 1962-жылдан СССР геология министрлигинде Сейрек ж-а түстүү металлдар башкармалыгынын начальниги болуп иштеген. Кыргыз ССРнин геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер, РСФСРдин эмгек сиңирген геологу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү