Банк тутуму(системасы) - өлкөдө иштеп жаткан банктардын, кредиттик мекемелердин жана банктык операцияларды жүзөгө ашыруучу жеке экономикалык уюмдардын жыйындысы.[1] Банк системасын, банк ишин жүргүзүүдөгү ролу жана таасири бар эрежелердин, инструменттердин жана уюмдардын ырааттуу бүтүндүгү катары аныктаса болот. Банк системасы өлкөнүн финансы системасынын маанилүү уюштуруу механизмдеринин бири болуп саналат жана экономиканын өнүгүүсүнө зор салым кошот.[2]

Кр банк тутуму – жалпы акча-кредиттик түрлөрүнүн чегинде тигил же бул өлкөдө иш жүргүзгөн артүркүн улуттук банктар, банк институттары менен кредиттик мекемелердин жыйындысы; кредиттик тутумдун курамдык бөлүгү. Ал өзүнө КРУБ менен коммерциялык банктарды камтып турат. КРУБ мамлекеттик эмиссиялык жана валюталык саясатты жүргүзөт, ошондой эле кошумча тутумдун чордону болуп саналат. Коммерциялык банктар банк аткарымдарынын баардык түрлөрүн аткарат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. Мхитарян, Р. А. (2015). Современное состояние банковской системы России. Международный журнал прикладных и фундаментальных исследований, (8-4) 723-726.
  2. Yıldırım, O. (2020). Bankacılık Sistemindeki Gelişmeler ve Türkiye’de Bankacılık Sistemi. Uluslararası Finansal Ekonomi ve Bankacılık Uygulamaları Dergisi, 1(2), 63-77.